«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы үгүт иштеринде эл менен диалог түзө баштайт», — деди демократиялык социализм партиясынын лидери, Марат Аманкулов.  Бүгүн партиянын үгүт иштери  Жеңиш аянтынан расмий старт алды.


Анын айтымында, тандалган жай өтө символикалуу, анткени Жеңиш аянты — борборубуздун башкы аянттарынын бири.
«Евразиячылдыктын маңызы жана негизи болуп 75 жыл мурун жеткен жеңишибиз болду.  Бул бизде евразиячыл рух канчалык күчтүү экендигин көрсөттү. Баарыбыз улутка бөлүнбөй, аймактык таандыктыкка да, конфессиялык айырмачылыктарга да карабастан бириктик «, — деди Марат Аманкулов.
Ал ошондой эле «биздин чоң аталарыбыз биригип, бизге жеңиш, жашоо жана келечек тартуулай алышкан!»- деп баса белгиледи.

«Биз дагы ушундай ураан менен чыгып жатабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстан дагы бир дем менен биригиши керек. Биз өлкөгө жаңы дем бергени жатабыз! Тарыхтын жаңы этабын баштап жатабыз! Келечектин элесин көргөн идеология менен чыккан жалгыз партиябыз! Келечектеги биздин түзүлүшүбүз  — бул евразиячылдык! Биз бара турган жол — демократиялык социализм! «- деди «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын лидери.
   

  “Алдыда көптөгөн жеңиштер күтүп турат! Биздин келечектин евразиячыл түзүмү күтүп турат! Бизди евразиячылыктын руху колдойт! Бизди алдыбызда чындыкка негизделген евразия жана демократиялык социализм күтүп турат! Акыйкат биздики, келечек биздики! Ошондуктан, ушул ыйык жерде туруп, жоопкерчилик менен айтам, чындык биз тарапта жана биз жеңебиз! ”, — деп сөзүн жыйынтыктады «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын лидери.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.