-Апа, Баяска жакын жолобош керек экен…

-Эмнеге?

-Ал короновирус болуп ооруп атыптыр. Өзү айтты. Бирок, көчөдө кечке аркы-терки велосипед тээп, жаны тынбай эле жүрөт…

-Кызым, Баяс силерди тамашалап койсо керек…

Кызым кеп кылган бала жети жашта. Экөө тең чамал. Тестиер баланын «короновирусмун» деп ойноп, күлүп айтканына мен бир саам дендирей түштүм. Бала да дедим… «Эми балдар ооруйт экен, башка мамлекеттерде башталыптыр» деген имиштерге кооптонуп, «Балдарды Кудай сактаса экен» деп бассак-турсак тилеп турган кезде бул сөз жүрөгүмө катуу тийди.

     …Аты жаман илдет акыл-эси толук чоң адамдардын гана эмес, балдардын дагы эсинен кеткистей так калтырды шекилдүү. Үйдө деле, телевизордо деле канкакшап аттык. Ырас, адегенде бир тобу ишенбеди. “Саясат экен”, «ооруду» деп компенсация акча төлөп берет экен» деп оппозициячыл саясатчыдан тарта көчөдөгү таксисттерден өйдө кеп кылып жатышты. Бет капты көптөр айдоочулар ГАИни көргөндө машинанын ременин айып пул салбашы үчүн тагына койгондой, чөнтөккө салып коюп, беттерине тарта калып жүрүштү. Анын өз коопсуздугу үчүн зарыл экенин алар этибар алышкан жок. Анан биринен сала бири чалгы менен чапкандай сулап, вирус курмандыктарына айлана баштаганда баарыбыздын үрөйүбүз учту. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш айтмакчы, “короновирус инфекциясы бүтүндөй адамзатты чөгөлөттү. Азыркы дүйнөнүн морт экендигин көрсөтүп, адам баласы узак мезгилден бери тоготпой келген тобокелдиктерди “жылаңачтап” койду. Пандемия саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тутумдарынын чабал жактарын, түзүмдүк теңсиздикти көрсөттү”.  

Дээрлик жарым жылдан бери пандемия деңиздин тынч ала албас бейжай толкунундай бууракандап, оомал да, төкмөл ачуу сабагын өттү. Таажывирусу аталган ылаң буга чейин көндүм болгон көрүнүштөрдү ала салдырып, улам бир мамлекетке агылып, бүтүндөй дүйнөнү чаң-будуңга түшүрүүсүн солгун болсо да улантууда. Адамдардын эркин, чыдамын, кайратын сынады, “ажал” деген азезилин жөнөтүп, далайды бүк түшүрдү…  Адамды кой, ал ыкчам тездик менен келаткан ааламдашуу процессин алсыратты. Бүтүндөй мамлекеттер абдаарып калды, алдуулар стратегиялык аракеттерди көрүп, вакциналарды  ойлоп табууга далбастап, коркунучка кабылган адамзатты сактап калуу аракетин көрсө, өнүгүүсү али өр тарта элек өлкөлөр жаңылыштыктарга жол берип, башкы баалуулугу катары саналган адамдарын эптеп сактап калууга жан үрөдү… Мунун баары бардык жерде экономикалык кризис, жумушсуздук менен коштолуп, али бир нукка түшө элек.

Кара жанды карч урган кармашта кимдин ким экени көрүндү, бийлик, байлык, акча, мансаптан башка дагы баалуулуктар бар экен. Көп нерсенин кадырын билдик… өмүр менен катар көңүлдүн, барчылыктын да жокчулуктун, оору менен ден соолуктун, убакыттын, тирүүчүлүктүн…

“Чымындай жанымды алып калчы, жүз элүү миң долларлык машинемди берейин…” деп жансоогалаган байдын илдетине ким арачы болду? Ошентип, өлүмдүн улуктугун, оорунун бейжай экендигин апаат дагы бир жолу тастыктаган шекилдүү. Байды байлыгы, жогорку кызматтагы аткаминерди мансабы сактап кала алган жок, пайгамбар туткан аалымдын дартына даба табылбады… Эң башкы нерсе коопсуздук экенине барган сайын тан бердик.

Айтса-айтпаса төгүнбү, “доктурга немис ооруну алдын алуу үчүн барат, орус ооруп калганында барат, кыргыз болсо, ооруп, качан гана өлөрүндө барат” деген азил-чыны аралаш сөз бар. “Кимди ким көрдү, быржыбайды там басты” дегендей, бир үйдөн бир эле карабашыл адам эмес, кээде экиден адамдын удаа көз жумушу, ак кепинделип, майрам сууга алынбай, кара салафанга оролуп, хлор чачылып, топурак жазданышы кимдин түшүнө кириптир. Башка убак болсо, мындайда казысы таман чыккан экиден-үчтөн жылкы союлмак. Бир-эки күн түнөтүп, алыстан келчү куда-сөөгүн күтүшүп, өлүк зыйнаты менен, тажиясы менен коюлмак. Эми топурак салганга далай жакынга кабар берилбей, эртең менен вирустан көз жумса, түштөн кийин азганакай адам көр казылаар замат жайына узатып, атайын адамдар униформаларды өрттөп кетип жатышты…       

Соцтармакка киргенден заарканасың. Айрыкча, фейсбукка… Көңүл айтуулар, биз билген-билбеген адамдардын, өлбөчүдөй сезилген аттуу-баштуу инсандардын, тууган-туушкандардын вируска туруштук бере албай убап-чубап өтүп жатышы сени да «ооруп калган жокмунбу» шек санатып, өзүңдү өзүң андытып, чочутпай койгон жок. Канчабыз жумуштан кайтып, үйгө сырттан киргенде өз балабызга өзүбүз жакындап, бетинен өбө албай оолактап, көзүбүздү ала качып жүрдүк. Кошунаң же кесиптешиң чүчкүрүп калса, кол берип, учурашмак тургай күмөндүү карап, окчундайсың. Айтмакчы, бир курбум ушундай күндөрдүн биринде дени-карды соо туруп, “кокус оору жугуп, өлүп калсам да” деп, чиедей кыздарына керээзин айтыптыр. Ошол ой менен буттарын жууп, тырмактарын алат. Чыны менен бул күндөрү өлүм ар бир үйдүн каалгасына жакындап келди.  Кай бирине айттырбай, эшигин какпай кирип барды.

…”Жамандык балалайт” деген кыргыздын сөзү бар. Балким, бир жагынан өзүбүз да жамандыкты балалаттыкпы дейм. Улам-улам илдеттин атын атап, коркуп, даңаза кылып, анан күн сайын канча адам анын садагасына чабылып, набыт кетсе, соцтармактарда же телефондор аркылуу жарыялап, жар сала бөлүшүп жаттык го. Ошол эле мезгилде замандын баатырлары — дары-дармек, азык-түлүк бөлүшкөндөр, өмүр менен өлүмдүн ортосунда кармашкан кызыл зонадагылар болушту. Кыйын кезеңден пайдаланган шылуундар ар дайым болуп келген, алар вирустан да, Кудайдын акыреттеги сотунан да коркпостон, дарылардын баасын жүз эселеп көтөрүп, капчыктарын толтурууга ашыгышты.

Апааттын чыгышына эмне себеп болду деп ой жоруйм. Оору, кырсык адамдагы терс энергетикадан келип чыгат дешет. Бирөөнүн суук көзү, жаман сөзү, пейилдин кеткени, ниеттин карарышы, каргыш, кесирлик, ичине таруу айланбаган ичи тарлык, зулумдук, адамдардын барган сайын ыкшоо тартып, даяр нерсеге көнүшү, жалкоолугу, ээн ооздугу ж. б. жамандык алып келүүчү нерселер — баары терс энергетиканы жаратат. Кыргызда «аялдын кесири эрге, эрдин кесири элге» дегендей, тойлордогу ысырапкорлугубуз, айылдагы келиндердин нан жасагандан эринип, таксисттерден базардан алдырышканы, жалгыз уюнун сүтүн балдарынан аяп, сүтчүлөргө өткөрүшкөнү, жигиттердин намысынын кеткени, деги койчу, учугу түгөнбөйт. Өңгөнү кой, бир мисал, кудага барып, бир мүшөк устукан алып, аны орто жолго ыргытып баса бергенибиз кесирлигибиз эмей эмне? Атам бир күнү кейип келди: «Эртең менен эрте туруп, көчөдө басып жүрсөм, таштандынын жанында бир таштек жатат, анын ичи толтура боорсок экен. Боорсоктун үстүндө ит жатыптыр»…  Ал күлүп айткан жок, күйүп, жаңы ачып айтты. Бул кесирликтин жеткен чеги эмеспи. «Нан улук бардык тамактан»… “Нан болсо, ыр да болот” деп бекер айтылчу эмес. Күкүм нанды жерге түшүрбөй, кастарлаган ата-энелердин наркы унутулду. Улуунун сөзүн кичүү эшитпей калды, атанын сөзүн бала укпай калды, башыбыз баш, багалчагыбыз кара таш болду… Арийне, бул сыяктуу көрүнүштөр көнүмүш катары сезилип, кабылданып баратпады беле…

Акыры карантүнгө туш келдик, кайдан-жыйдан чыккан пандемия өз өкүмүн буйруганда базарда ун талаштык, дарылардын баасы асмандап, а түгүл калбай калды. Кудай бет капка, антисептикке күн түшүрдү. “Аш” десе ашка, “иш” десе ишке тойбой турган эркектер “ачка калдык” деп, гумжардамга мойнун созду, батирлеп жүргөндөр көчөдө калды…

Балким, адамзаттын кесирлигин, эсиргенин, көпкөнүн, өзүн Кудай сезгенин табигат, Жер Эне, Аалам, Жараткан Кудай өзү көтөрө албай,”көзүн ачсын” — деп буйруп, апаатын, сыноосун жибергендир. “Эй, эсиңе кел, адамзат, ач көзүңдү, сабак ал” — деп, коңгуроо каккандыр. Бул бир эле бизге – кыргызга таандык эмес, бүтүндөй жер шарында жашагандарга тиешелүү. Биз бул ишаратты түшүнө алдыкпы? Эгерде ааламдын сырын аңдай албасак, кабыл ала албасак, зулумдар зулумдугун улантса, материалдык байлык башкы орунга чыгып, адамдардын жүрөгүнө мээрим, сүйүү кирбей, байлык, мүлк, оокат, мал, мансап кирип кетсе, терс энергия — жамандык Жер планетасына уялай берсе, мындан да чоң апаат, чоң сыноо болбойт деп ким кепилдик бере алат? Сөз башында айтылган “балдарга келатат” деген пандемия имиши чын чыкса, карантүндүн үстүнөн карантүн баспайбы?..

Ырас, бирер серепчилердин айтымында, мезгилинде адамзат мындан катуу тумоолорду башынан кечирген, таажы тумоосу анчалык деле олуттуу эмес деген ойлор бар. 1918-1919-жылдардагы тумоо азыркыдан көбүрөөк адамдарды набыт кылган. Кээ бир өлкөлөрдө грипптен 1918-жылы калктын жалпы санынын 10%дан ашыгы мерт кеткен. 1980-жылдардагы СПИД эпидемиясы тууралуу дагы ошону эле айтууга болот. 1347-жылдан 1351-жылга чейин Европада өз өкүмүн сүргөн «кара тумоодон» калктын тең жарымы жабыр тарткан. Бир жагынан алганда, азыркы доордо эпидемия менен күрөшүү үчүн технология менен илим-билим өнүгүүдө.

Дүйнөдөгү кандай процесс болбосун, кыргыз мамлекети четте кала албайт. Антсе дагы, “бечелге жөтөлдүн кереги эмне” дегендей, тышкы карызы чачынан көп, арабасын “өлбө жаным, өлбө” деп, илкий тарткан өлкө үчүн кандай болгон күндө да өтө кыйын. Кудай жеңилинен гана берсин… Биздин бир гана жолубуз — тобо келтирип, качанкы өткөн  ата-бабаларыбыздын жолун улап, барына каниет, шүгүрчүлүк кылып жашоо. Адамзат бири бирибизге жакшылыктын, соопчулуктун, кайрымдуулуктун, жапакечтиктин үрөнүн чачышыбыз абзел. Биз ошондо гана вирусту, апаатты токтото алабыз.

Мен өз ынаным, ишенимимди белгилүү окумуштуу, изилдөөчү философ Михаэль Лайтмандын сөзү менен толуктагым келет: “Короновирусту үй-үйлөрдө олтуруп, мектептерди жаап, бет каптар менен токтотуу мүмкүн эмес. Эң жогорку баскычта – адамдардын ортосундагы мамилелерде түзөтүүлөрдү киргизүү менен гана аткаруу зарыл. Өзүбүздү оңдоп, туура байланыш түзө башташыбыз керек. Мына ушуну менен гана биз короновирусту зыянсыздандырабыз. Кылмыштардын баарысын сүйүү гана жаап кетет!”

Пандемиядан кийин дүйнө кандай темпте көчүн улайт? Бул суроого эл аралык окумуштуулар, футурологдор жооп издешүүдө. Кантсе да, баткан күндүн аткан таңы бар эмеспи. 

Гүлзада Турдалиева.