Түркмөн башчысы куралдан буталарга ок атып, өзүнүн чеберлигин көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 2-сентябрда болуп өткөн коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин окуу машыгуу полигонуна барып, алгач полигондун абалы менен таанышкан.

Андан соң,  ал аскер кызматкерлеринин ок атуучу куралдарды колдонуу шарттарына көңүл буруп, алардын даярдыгын жогорулатууну тапшырган. Мамлекет  башчы чиновниктер менен бирге бута атуу боюнча машыгып, өзү да куралдан буталарга ок атып, өзүнүн чеберлигин көрсөткөн.