Белгилүү ишкер, меценат Каныбек Туманбаев парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы менен бара жатат. Ал партиялаштары менен Падыша-Ата мазарына зыярат кылды.

Жума күнү окуган намазыбыз кабыл болсун! Бүгүн, үгүт иши расмий старт алды. Мен дагы «Биримдик» партиясынын 18-тизмесинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп бара жатам. Элдин жүгүн аркалап, чоң жоопкерчилик ала турган сапарга аттанып жатып, туулуп өскөн Аксы жеримдеги Падыша-Ата мазарына зыярат кылып, ата бабамдын арбагына куран окудум. Ыйык жерибизде туруп, эли-жериме оомат, жакшылык Аллахдан тиледим.
Жума намаз өзүм туулган айылымдан насип эткен экен, туугандарым менен чогуу намаз окудум.
Жараткан Аллах баарыбызга оомат, жакшы күндөрдү, береке-ырыскыны насип кылсын. Шайлоого аттанган партиялаштарыма жана атаандаш талапкерлерге дагы ийгилик каалайм!