Павлодарда дрондун жардамы менен смартфондорду колонияга өткөрүүгө аракет кылышкан, деп жазат Polisia.kz.

Павлодардагы орто коопсуздук колониясынын кызматкерлери Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери менен биргеликте мекеменин аймагына келип конгон учкучсуз учуучу аппаратты (дрон) кармашты. Дронго эки уюлдук телефон, эки сим-карта жана кубаттоочу кабель салынган желим баштык илинген.

Ички иштер министрлигинин комитет төрагасынын милдетин аткаруучу Эскали Саламатовдун айтымында:

 “Казакстандын түрмө тутумунун тарыхында, тыюу салынган буюмдары бар дрон биринчи жолу кармалган. Ага чейин биз мекемелердин үстүнөн кыска мөөнөттүү учуучу аппараттарды  гана каттап келгенбиз”,- дейт.