Эгемен өлкөбүздүн тарыхында ар бир шайлоо өткөн сайын мамлекеттин тамырына балта чабылып келет. Муну саясий олку – солкулукка алып келген кээ бир өткөн эски шайлоолор эске салып турат. Соңку тарыхта туңгуч (ал да качкын, атаганат) ажобуз коррупция жетинчи кабатка жетти деп ачуу айкырган соң, коррупционерлердин ичкенин ирим, жегенин желим кылам деп, айбаты арстандай болуп, көзү жалынга толуп турган ошол кезде президенттикке ат салышкан Өмүке кечээгиде Жанарга жоргосун мингизип, батасын берип турганда түбөлүк оппозициянын күнү батып бараткандай сезилип кетти мага… Чынында, чоң калибрдеги саясатчы саясаттан жадап, таймаут алдыбы же жаштарды байкап көрөлү дедиби, муну убакыт көрсөтөт. Кандай болсо да, Өмүкесиз ЖоКенин шорпосунун тузу кем болору анык. Жанар да ЖоКеге бир жеткирсе Өмүкенин жоргосу жеткирерин жүрөгү менен паамдады окшойт. Акыйкат үчүн, админресурстун азуусуна балта чабайын деген Жанарды макамсыз калган ажо админресурстун айбаты менен алып келип, ананыраак Жанар позициясын тапкан соң, анабу балашканын бактысын ачкан ким эле деп опузалаганы саясатта ата – бала мамилеси балмуздак жеп бүткөн сымал таттуу жана кыска экенин эске салып койгум келип турат. Ийгилик каалап кетким келет Жанарга, баштагы «балашканын» балтыры толуп, карт тарыхы бар партиянын жылдызын жандырганы аттанып отурат.

Кайран Докем кайгыргандай, мурдуна пок сүйкөлгөн кыргыз не деген шайтан оюндарды башынан өткөргөн жок…Акаев доорунда Ата-Мекендин добушун коммунисттерге өткөрүп берүү… Бүтүн Кыргызстанды мандатсыз калтырган Сариевдин шайлоону башкарганы (шайлоонун аягында шайлоочулардын саны ашып кетти бейм эле, ошол Бүтүндүн бактысы бүгүн да ачылбай турат)… карусельдер…обончулар…ящиктеп оттуу суу таркатуу…тизмеден өзүн таппай калган байкуш шайлоочу…үй ичиң менен мен айтканды шайлайсың деп зордукталган мугалимдер (бул категория дагы деле аялуу)… Деги эмнени гана баштан кечирбедик.

Мына эми, кезеги келип, шаардык кеңеш шайланбай шайыбыз ооп, пандемияда парламентти шайлаганы турабыз. Тизмеге баш бага келсең, тааныш жүздөр…бул тизмеде жок болсо, тигил тизмеден табасың…тамтыгы кеткени бар, татыктуусу бар, шымы айрылганы бар, эки сөздү кошо албаганы бар, сөздүн устасы бар…катасыз жаза албаганы жүрөт, сабаттуу тыңы жүрөт, үндөбөстөр жүрөт, элине кызмат кылган азаматтар жүрөт, кечээги кокуйда коңулга качып кеткендер жүрөт…кыскасы, кой аксагы менен миң дегендей…

Мени кубандырганы, жаңыдан билек түрүп келаткан таза ысымдар да бар экени!

Бир нерсе анык, бу сапар да капчыгы калың партияларда шанс жогору. Бул капиталисттик системанын маң – мыйзамы. Болгону байлар таза байышы керек, бирөөнүн мурдуна пок сүйкөбөй, өзүнүн пешене тери менен. Андайлар да жок эмес, азыраак. Себеби, шайлоо кампаниясы шайды оодарчу каражатты талап кылат. Өзү билбей калып кээ бири айтмакчы, депутат болуп калгандар карызын каруусу, кнопкасы менен кайтарат. Таза шайлоону күтүү азыркы шартта, мүмкүн, бул баёолуктур… Форма 2 — эсти оодарчу фактор. Баарынаа каршы добуш берүү бул акылсыздыкпы же аргасыздыкпы?..

Менимче, ушул системадан баш тарта албасак, анда кийинки беш жылда ирилешип 5 эле партия калса, тизмелер сапаттуу болмок. Шайлоого чыгым аз кетмек. Эми, партиянын платформасын тизмедеги төртөө эле билет десек, аша чапкандык болбос, калганы «по пути» поюзга учкашкандар, тиги вагондон чыгып, бул вагонго өткөндөр… ак футболкасын чече калып көгүн кийе калгандар.

Тизмеден тизмеге секирүү закон ченемдүү көрүнүш болсо да, биздеги картина парттүзүлүштүн кризиси экенин көпчүлүгүбүз моюнга албай келүүдөбүз. Ашыкча саясатташып кеткен алсыз өлкөлөрдө шайлоочунун сатылып кетүү ыктымалдыгы жогору экени айтпаса да түшүнүктүү. Айтор, утуп келген партиялар өз катарын тазалаганга эрки жетсе, оңолуу болуп кететтир. Шайлоо күз менен келип калды. Шогураак башталган шайлоодо баарына ийгилик каалайлы, бирок бирин тандайлы. Сүйүү — биздики!

Айдарбек Максутов