Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы 15 саясий партиядан 1912 талапкерди каттады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, катталган саясий бирикмелер жалпысынан 1 957 талапкерди көрсөттү, алардын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды.
Парламенттик шайлоого 618 аял ат салышууда.
Эскерте кетсек, БШК 15 саясий партияга шайлоого катышууга уруксат берген.
Шайлоо өнөктүгү кечээ, 4-сентябрда башталды.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Алар 4-октябрда өтөт.