Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барып кайтты. Иш-чаранынын жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБдин бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүм башчылары менен жолугуп, Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда, ИИМдин Ички коопсуздук   аскер  кызматынын 704 аскер бөлүгүнө болду.

Министр Кашкар  Джунушалиев Жалал-Абад облусунун ИИБдин борбордук аппараты үчүн курулуп жаткан имаратка жана Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын  имаратына барды. Ал жерден имараттардын курулушунун жүрүшү менен таанышып, кабар алды. Курулуш иштеринин созулуп жаткандыгына сын айтып, тездетүү керектигин эскертти. Курулуш иштери ошол эле учурда сапаттуу болушу керектигин айтып өттү.

Мындан тышкары, ИИМ башчысы Кашкар Джунушалиев Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын  бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук,  шаардык бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту, мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдыктарына  байланышкан уюштуруучулук иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Ошондой эле, шайлоого карата өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген мыйзамдарды сурады. Бул багытта дагы таанышып чыгууларын тапшырма берди.  Өздук курамга дагы окутуулар жүргүзүлсүн деп тапшырма койду. “Ар бир милиция кызматкери   шайлоого байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген мыйзамдарды билүүлөрү шарт. Жетекчилери бул багытта окутууларды өткөрүп, өз көзөмөлдөрүнө алышсын”,-деп талаптарды койду министр.

Андан соң, министр Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өзүнчө батальонунун өздүк курамы менен жолугушту.  Анда өздүк курамдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү даярдыктары, жабдыктары менен таанышып чыкты. Кызматкерлерге ийгиликтерди каалап, алдыда өтө турган шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыздоодо чоң жоопкерчилик милицияга жүктөлгөнүн билдирди. Ошондой эле, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өздук курамына арналып курулуп жаткан спорт залдын курулуш иштерине кызыгып, тез арада аяктоону буюрду.

Кезектеги жумуш күнүн улантып, Жалал-Абад шаарынын Көгарт кичи шаарчасында жайгашкан ИИМдин Ички коопсуздук   аскер  кызматынын 704 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасында болду. Анда алардын имаратынын курулуш  иштеринин жүрүшүнө,  атайын жабдыктарына  кызыгып кыдырып чыкты. ИИМдин Ички коопсуздук   аскер  кызматынын 704 аскер бөлүгүнүн  өздук курамы менен дагы жолугуп, ишмердүүлүгү, ыкчам-кызматтык даярдыктарын текшерди. “Сиздер  милдетиңерди жогорку деңгээлде аткарып жатасыздар, өзгөчө абал учурунда аткарган кызматыңар үчүн көптөгөн жоокерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин сыйлыктарына ээ болушту. Эми алдыда урматтуу жоокерлер шайлоо турат. Бүгүн 4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталды. Биз болсо өзүбүздүн кызматтык иштерибизди аткарууга милдеттүүбүз. Шайлоо мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен аларды башкалар дагы бузбашына жол бербешибиз керек”,-деп өз сөзүн жыйынтыктады. 

Иш сапардын жүрүшүндө министр К.Джунушалиев Жалал-абад шаардык ИИБде болуп, өздүк курамы менен жолукту. Коомдук тартипти бекем чындоо, жарандардын кайрылууларына аяр мамиле кылуу, алардын ар бирине  коомдук тартиптин бузулушу жжана кылмыштар тууралуу арыздарына мыйзам чегинде чара көрүүну жана жеке ички тартиптин бекем сактоо боюнча кошумча тапшырмаларды койду. Андын сырткары бул багытта тиешелүү бир топ тапшырмаларды берип, ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгүнүн негизинде коомдук коопсуздукту камсыздоо өзгөчө көзөмөлдө экендигине токтолду. Айрыкча кызматтык тартипти бекемдөө, профессионалдуулук деңгээлин жогорулатуу, жүрүм-турум маданиятын жана элдер менен сылык мамиледе кызмат өтөөнү эскертти.

Күндүн экинчи жарымында Кашкар Джунушалиев Сузак РИИБнин өздүк курамы менен Сузак  районундагы Атабеков айылында жаңы курулуп ишке берилген “Атабеков” айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын алдында жолугушту. Ага Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин убактылуу милдетин аткаруучу милициянын полковниги Н. Сыдыков, Сузак РИИБдин начальниги милициянын подполковниги Э.Аскарбеков, Атабеков  айыл аймагынын айыл башчысы жана курулуп бүткөн имаратка жакындан көмөк көрсөткөн атуулдар, ички иштер органдарынын ардагерлери жана аталган милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы катышты. Министр бул милиция бөлүмчөсүн курууга салым кошкон жарандарга ыраазычылыгын билдирип, өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылды аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо деп жарыялаган демилгесин колдоого алып, ички иштер министрлиги да аймактарда жайгашкан түзүмдөрдө кызматкерлерге  шарт түзүү багытында бир топ алгылыктуу иштерди аткарып келе жаткандыгына жана чек аралаш жайгашкан аймактарга жеткиликтүү деңгээлде көнүл бурулуп жаткандыгына токтолуп өттү. Жолугушууда министр кызматта өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге жана имаратты курууда салым кошкон инсандарга ИИМдин бир топ сыйлыктарын тапшырды.  

Аталган айылдык милиция бөлүмчөсү Атабеков айыл аймагындагы 17 айылды жана андагы  28 миӊ  386 (жыйырма сегиз миң үч жүз сексен алты) калк,  5252 кожолук жашаган жерлерде коомдук тартипти көзөмөлдөп, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иш жүргүзүшүп келишет.

ИИМдин Басма сөз кызматы