Бишкек шаарындагы эксперименттик тез тургузулуучу инфекциялык оорукананын курулушунун даярдыгы 65%ды түзөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 100 орунга эсептелген объекттин курулушу 4 блоктон турат.

Азыркы учурда:

1-блок боюнча: жер казуу жумуштары 100% аяктады, пайдубалы, сырткы дубалдар, дубалдарды жылуулоо, ички канализация, полдорду түздөө, чатырдын жана фермалардын темир кострукциясын монтаждоо жумуштары аткарылды. Ошондой эле ички дубалдарды гипсокартон менен каптоо 80%, ал эми ички электр куроо 95% ды түзөт.

2-блок боюнча: жер казуу жумуштары 100% аяктады, пайдубал, жылуулоо, ички канализация, пол түздөө жана чатырдын жана фермалардын темир конструкциясын монтаждоо жумуштары аткарылды. Сырткы дубалдарды көктөө — 95%, ал эми ички дубалдарды көктөө -75% аткарылды.

3-блок боюнча: жер казуу жумуштары 100% аяктады, пайдубалы, сырткы дубалдар, дубалдарды жылуулоо, ички канализация, полдорду түздөө, фермалардын темир конструкциясын монтаждоо жумуштары аткарылды. Ошондой эле тышкы, ички дубалдардын көктөө боюнча жумуштар жүрүп жатат.

4-блок боюнча: 100% жер иштери бүткөрүлгөн. Ошондой эле темир колонналарды жана ригелдерди орнотуу аяктап калды жана ички сантехникалык түтүктөрдү төшөө 50%га даяр.

Курулуш иштерине 105 жумушчу тартылган. Объектти курууга Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан 60 млн сом каржыланды.