Кечээ, 4- сентябрь күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев шаардагы жалпы мечит имамдарына учурдагы өлкөбүздө болуп жаткан шайлоого карата үгүт иштерине катышпоо тууралуу буйрук берди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Анын айтымында  имамдардын милдети элдин диний муктаждыктарын камсыздоо болуп эсептелет.

«Бүгүндөн баштап шайлоого карата үгүт иштери башталгандыгына байланыштуу биз Муфтияттын, Казыяттын түзүмүндөгү кызматкерлер үгүт иштерине катыша албайбыз. Бул тууралуу Муфтияттын буйругу бар. Ар бир имам жаран катары шайлоого катышып, добушун берсе болот. Бирок, мечиттерде үгүт иштерин жүргүзүү же кайсы бир партияга деп жалпы жамаат менен дуа кылууга тыюу салынат. Мечиттерибиз ар дайым Аллах Таалага ибадат кылынуучу жер бойдон калышы керек,»- деди шаар казысы.