2020-жылдын 6-сентябрынан 8-сентябрына чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

7-сентябрда жана 8-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 13…18°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 22…27°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу болушу күтүлөт.
8-сентябрда түнкүсүн Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.