Турмушка чыккан кезде жүзүмдө бир бырыш жок, татынакай сулууча келин элем. Жолдошум үйдүн жалгыз баласы. Үйлөнсөк деле апасына эркелей берчү. Арадан убак өтүп боюма бүттү, догдурлар сага бала төрөгөнгө болбойт, көзүңдүн көрүүсүнөн ажырап калууң мүмкүн дешти. Кайдагыны айтпагыла мен жапжакшымын деп, 9 ай кыйналып, араң кызымды жарык ааламга алып келдим.

Кызым атасын тартып аябай эрке, айтканынан кайтпаган кыз болду. Жалгыз кызыбыз, башка балалуу болбойбуз деп биз да анын ою менен  болуп өтө эле көзүнө карап эрке талтаң кылып салдык. Жаш кезинде катуу эле кармасак болчу экен деп азыр өкүнүп калабыз. Мектепти бүтүп бүтпөй турмушка чыкты, ал жакта пикири келишпей 1,5 жылда ажырашып келди. Эми оку, турмушту деле көрдүң, диплом алып иште дедик. Жок мен иштейм деп, кафеге ишке кирди. Жумушум кеч бүтөт деп түн ичинде келчү.

Иштеп жүрүп, башчысы менен жүрүп алган экен, анын аялы билип калып кызымды келип уруп кетиптир. Бир жума үйдөн чыкпай жатты. Өңү башы өзүнө келгенде кайра иш издеп, башка жерге ишке кирди. Башында 3- 4 ай жакшы жүрдү, эми эски адатын баштап, ар ким менен кыналыша баштады. Айткан сөздөрдү кулак сыртынан кетирет, өз билгенин кылат. Бир аз күн мурун бир жигитти алып келип үйдө түнөдү. Мунусу такыр ашып түштү деп урушуп койсок, үйгө келбей койду. Кызымдын кылыгын ойлонуп жатып көзүмдүн көрүүсү начарлап баратат. Картайганда көрөөр көзүм болот деген элем. Дарыгерлер айтканда эле алдырып салсам болмок экен деп ойлоп кетем… Өзүмдү күнөөлөйм…. балага өтө жумшак болгон деле болбойт экен…