Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толугу менен берилет:

— Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар. «Биринчи радиодо» адаттагыдай эле ишемби күнкү «Президент менен «Ачык сөз» уктуруусу.

Биз бир нече суроолорубуз менен Мамлекет башчыбызга кайрылганы турабыз.

Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович?

— Саламатсызбы.

— Урматтуу Президент, өлкөдө пандемия шартында жаңы окуу жылы дистанттык тартипте башталды. Бул коопсуздук эрежелерин сактоодон улам болду. Ошентсе да аны шайлоого байланыштыргандар жок эмес. Эл арасында атайын шайлоо өткөнгө чейин мектептер менен окуу жайлар адаттагыдай иштебейт, мугалимдер шайлоо үчүн иштейт деген сөздөр чыгып жатат. Анткени балдар, жаштар барчу, эс алчу башка жайлар иштеп эле жатат да. Жарандарыбыздын саламаттыгына көрүлүп жаткан камкордук саясатташтырылып жаткан жокпу?

— Туура айтасыз, шайлоо жакындаган сайын көпчүлүк маселени саясий өңүттөн кароо аракети күч алат.

Бул — табигый көрүнүш. Добуш алуу үчүн ар кандай жолдорго барышат.

Негизинен эле биздин коом ашкере саясатташкан десем жаңылбайм го.

Аны өзүңүздөр деле көрүп жатасыздар, окуп жатасыздар.

Бизде кимиси болсо да саясаттан кеп салып, эксперттик пикир билдирүүгө даяр.

Бул эмнеден келип чыгып жатат?

Эл арасында айтылат эмеспи, жарды өлкөнүн эли — саясатчы, бардар өлкөнүн эли — саякатчы деп.

Экономикасы өнүккөн, жеке кирешеси күнүмдүк тирилигинен ашкан өлкөнүн жарандары саякаттап, дүйнө кыдырганга мүмкүнчүлүгү бар да.

Биздин өлкөнүн эли да ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болчу мезгилге жетебиз деп ишенем. Буйруса жумуш орундары түзүлүп, завод-фабрикаларды салып, өзүбүздөн өндүргөн кайра иштетүү өнөр жайын жолго койсок.

Менин жасап жаткан ишим дагы, көздөгөн мамлекеттик саясатым да ошол.

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоо сыяктуу багыттар бюджеттин кирешесин, калкыбыздын турмушун жакшыртуу үчүн жасалып жаткан негизги иш-аракеттер экенин буга чейин да айткам.

Азыр дагы буга токтолуп кетейин.

Өлкө экономикасы жакшырса, фермер фермерлик иши менен, дыйкан талаачылык иши менен, саясатчы саясаты менен, айтор, ар ким өз иши менен алек болот.

Биз азыр жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу, окуусун бүтүп, жумуш издеп жүргөн жаштарыбызга жумуш орундарын түзүү боюнча саясатты үч жылдан бери жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул өзүнүн жемишин берет.

Эң негизгиси — өлкөдөгү каражатты өндүрүшкө, жумуш орундарын түзүүгө, элди жумуш орду менен камсыз кылууга бурдук. Бул буйруса, өзүнүн жыйынтыгын берет.

Мен муну азыр аймактарды кыдырып, көрүп жатам. Кайра иштетүү өнөр жайына, андан тышкары, туризм, тоо-кен, кызмат көрсөтүү тармагына кетип жаткан каражаттар кайра өзүнүн натыйжасын берип жатканын көрүп, мен дагы кубанып жатам.

Ал эми мектептердин, окуу жайлардын дистанттык тартипте иш баштаганын айтсам, ооба, бул биздин жарандарыбыздын, балдарыбыздын саламаттыгына көрүлүп жаткан камкордук.

Эгерде балдарын алып, сейил бактарга, эс алчу жайларга барса — бул ошол ата-эненин жоопкерчилигиндеги иш.

Ал эми мамлекет калктын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликти алып сала албайт.

Өкмөт, Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы деле жагдай кооптуу деп коңгуроо кагууда.

Дүйнөнү деле окуп, көрүп жатпайбызбы.

Айрым мамлекеттерде кайрадан экинчи толкунду болжоп жатышат. Кээ бир жерлерде дагы деле болуп жатат. Кээ бир мамлекеттерде балдардын оорусу чыгууда деп жатышат.

Мына ушундай кырдаал бизди эле эмес, жалпы адамзатты кооптондурууда.

Бизде да мектеп, жогорку окуу жайлар дагы деле оорунун жайылуу очогу катары кабыл алынууда.

Бала деген бала. Эрежени сактабай коюшу мүмкүн. Анын баарын мугалимдер карап тура албайт. Сабактын ортосунда эс алууга чыгат, ойнойт, сүйлөшөт. Ошондуктан муну күчөтүп алышыбыз мүмкүн да.

Ошондуктан, Республикалык штаб баардык жагдайды анализдеп, ушундай чечимге келген, сунуштаган.

Мен да туура көрүп колдодум.

Билим берүү министрлиги болсо, сунуштап жатат. Кырдаал жакшырса, абалды байкап турабыз. Абалды байкап, анан чечим кабыл алабыз.

Азырынча дистанттык тартип сакталат.

Биз деле реалдуу режимде балдарды окутууну каалап жатабыз. Ага эмне жетсин. Балдар биздин келечегибиз, мамлекеттин келечеги, аны түшүнүп турабыз. Жакшы билим алышы керек.

Мүмкүнчүлүк болоору менен, буйруса, мектептерди, жогорку окуу жайларды ачып, окууну баштоо үчүн аракет кылабыз.

— Аймактарды өнүктүрүүдө кайра иштетүү тармагын колдоп жатабыз деп ар дайым айтып келесиз. Аймактарда жумуш орундары көбөйөт деп мына бүгүн да учкай токтолдуңуз. Кечээ жакында Чүй облусундагы иш сапарыңыздын жүрүшүндө өлкөнүн сүттү кайра иштетүү тармагы тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук берүү дарамети бар дедиңиз. Жалпы эле өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоо иши кандай болууда?

— Мына мен мурун да айткам, дагы айтам, бардык жерде айтып жатам.

Биз болгон аракетибиз менен мамлекеттеги болгон каражаттарды, мүмкүнчүлүгү жетишинче, банктардыкын, фонддордукун биздеги өндүрүлгөн азык-түлүктү, жалпы эле продукцияны кайра иштеткен өнөр жайга буруп жатабыз.

Мен Премьер-министр болуп иштедим, өмүр бою чарбада иштеп, облусттун губернатору болуп иштеп, баарын көрдүм. Эмне үчүн биздин кайра иштетүү өнөр жайыбыз алдыга жылган эмес? Эмне үчүн дегенде ал жакка көңүл бурулбай, каражат дагы жетиштүү бөлүнгөн эмес.

Биз, бир эле айыл чарбасы эле эмес, жалпы эле кайра иштетүү тармагына, жумуш орундарын түзгөндөргө, продукцияны сыртка алып чыккандарга каражатты бурдук.

Сыртка миграция абдан көбөйгөн. Эмне үчүн дегенде өндүрүлгөн азык-түлүк сатып алынбай калган.

Мамлекет сатып ала албайт. Бирок, мамлекеттин милдети, биздин милдет — ошол жерде иштеп жаткан ишкерлерге салыктан жеңилдик берүү. Мына жеңилдик бердик, узак мөөнөттүү, төмөн пайыздагы кредиттерди аларга жеткизип, мына ушуну жасай алдык, каражатты ишкерлерге бурдук.

Премьер-министр болуп турганда Кепилдик фонд түзгөнбүз. Кепилдик фондду эмне үчүн түздүк? Айрыкча айыл жерлеринде жакшы долбоорлору, жакшы ойлору бар көп ишкерлер бар. Бирок аларды көтөрүп алып, банкка барса, ал жерде эки жылдык, үч жылдык, анан болгондо да 20%дан жогору кредиттер бар, аны алайын десе да күрөөсү жок. Кредит ала албайт, иштерин баштай албайт.

Мамлекет тарабынан Кепилдик фонд түзүлүп, уставдык фонду да көбөйтүлдү. Мына, кепилдик фонддон жардам алып жаткандардын саны 3 эсе өсүүдө. Фонд ошол ишкерлерге, күрөөсү жетпегендерге кепилдик берет.

Мына ушундай маселелер менен көп иштерди ордунан жылдырдык.

Бир мисалга токтолуп кетейин. 2016-жылы Премьер-министр болуп турганда аймактарды кыдырып жүрүп, Таласка бардым.

Сүттү кайра иштетүүчү заводдун кампаларында өндүрүлгөн продукциялары сатылбай турганын көрүп, абдан кейигем.

Ал токтоп калса, элден сүт алынбай калат. Бири-бири менен тыгыз байланышкан да. Эгер завод өндүргөн продукциясын сатып турса, акча келип турат, элден сүт алынып турат. Ал токтоп калса эл кыйналып калат, каражат түшпөй калат. Бири-бирине байланышкан.

Кырдаалды оңдоо максатында ЕврАзЭБдин стандарттарына жооп берүү үчүн лабораторияларды куруп, эскилерин жаңыртканбыз. Фитосанитардык, ветеринардык лабораторияларга мамлекеттен акча бөлүп, жаңыларды салып, жаңы шаймандарды алып, талаптарга жооп бергидей кылганбыз. Россия дагы бул боюнча абдан жакшы жардам берди. Муну белгилеп кетишим керек.

Эл аралык деңгээлге жооп бере турган лабораторияларды куруп, анан уруксат алып туруп, мына эми азыр биздин сүт азыктарыбыз сыртка чыга баштады.

Азыр Кытайга 13 ишкана кургак сүт жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ (*атайын реестрге кирген).

Сүт боюнча проблема болбойт алдыда. Эмне үчүн дегенде биздин сүт азыктар тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук бере алат. Биздики эң таза өндүрүлгөн сүт, майлуу сүт.

Кечээ жакында Нарынга барып, кубанып келдим.

Россия-Кыргыз фонду, Кепилдик фонду, «Айылбанк» сүт заводдорго узак мөөнөттүү кредиттерди берип жатат. Кочкордогу завод бүтүп калса, кийинки жылы Нарын облусу боюнча элден сүт сатып алууда проблема чечилет.

Менин максатым — Кыргызстанда айыл чарбасында өндүрүлгөн сүттү, этти, терини, жүндү кайра иштетүүдө ишкерлерге шарт түзүп берип, экспортко чыгарып же ошону сатып алып, кайра иштетүүнү жандандыруу.

Пахта боюнча тапшырма берип, артынан түштүк. Ишкерлерден сурандым, пахта боюнча маселе аягына чыгып жатат. Ошто салынып жатат, кийин да салынат, Токмокто салынды. Аларды мамлекет фонддор аркылуу колдоп жатабыз.

Биздин милдет, дагы айтам, ишкерлерди узак мөөнөттүү, төмөн пайыздуу кредиттер менен колдоп, салыктан жеңилдетүү менен аларга жардам берип, ишти баштаса, сыртка чыкканга көмөк көрсөтүү. Мына ушул процесс кетти. Кудай буйруса, бул токтобойт.

Азыр бүт мамлекеттик органдар, бардык каржылык институттар менин талабымды билип калышты.

Бул талапты мен баардык жерде коюп жатам.

Мен айтып жатам, бир эле тамак-аш эмес, айыл жеринде ташты кайра иштетсе дагы, кумду кайра иштетсе дагы, каражатты ишкерлерге бериш керек деп жатам. Ал — жумушчу орундар да. Ал жумуш орунун түзгөндөн кийин айлык төлөйт, жергиликтүү бийликке салык төлөйт. Салык көбөйөт, жол оңдолот, мугалим-врачтардын айлыгы көтөрүлөт. Мамлекет тарабынан социалдык кызмат көрсөтүү да жакшырат. Баары тең каражатка байланышкан да. Баары тең бири-бирине байланышкан нерсе. Мына ушул нерсени биз ордунан жылдырдык.

— Урматтуу Президент, өткөн маектерде да шайлоону таза өткөрүү тууралуу айттыңыз эле.

Азыртан эле айрым саясий тараптар шайлоо таза өтпөйт деген божомолун билдире калып жатышат. Жакында эле Коопсуздук кеңешинин жыйыны да мына ушул маселеге арналды. Кооптоонуга негиз барбы?

— Таза шайлоо — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги шарттардын бири деп буга чейин да айтылган. Азыр да кайталап кетем. Бул өлкөнүн өнүгүшүндөгү, келечектин негизги шарты.

Шайлоонун таза, чыр-чатаксыз өтүүсү үчүн мен, Кыргыз Республикасынын Президенти катары өз милдетимди толук аткарып жатам жана аткарам.

Биринчиден, мыйзам талаасын кечиктирбей өз убагында оңдоп, түзөдүк. Мен эки жыл мурун айткам, көп кемчиликтер бар, оңдош керек, шайлоого бир жыл калганда мыйзам талаасын баары билиши керек. Шайлоо кандай өтөт, кандай мыйзам менен өтөт — ошонун баарын тең билиш керек.

Атайын жумушчу топ түзүп, ал жумушчу топко Президенттин Аппаратынан, Өкмөттөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, Аппаратынан, эң негизгиси коомчулуктан, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кирип, бул боюнча бир жылдай иштеп, Жогорку Кеңеш ошол өзгөрүүлөрдүн баарын кийин кабыл алып берди.

Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок.

Мурдагы 9 пайызды (*босого) 7 пайызга өзгөртүп, парламент кабыл алды, мен туура деп кол коюп бердим. Эмне үчүн дегенде, бул — парламентке көбүрөөк партиялар келгенге, көбүрөөк саясий күчтөр болуп, парламентте ачык талаш-тартыш менен мамлекеттин өсүшүнө салым кошсун деп, кабыл алдык.

Кыскача айтканда, азыр бардыгы тең шайлоо эрежелери менен тааныш. Саясий күчтөр, саясий партиялар, шайлоого катышам деген ар бир Кыргызстандын жараны ошол мыйзам боюнча кабардар. Биз бул багытта бардыгын жасап бердик.

Экинчиден, баардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлдү.

Кайсы партиялар жеңип келсе, өлкөнү өнүктүрүү багытында иштешүүгө даярдыгымды 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында расмий билдирдим.

Үчүнчүдөн, кечээки Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдарына дагы бир ирет катуу айттым. Мыйзам алдында баардыгы бирдей болушу керек. Шайлоо мыйзамын бузгандарга бирдей мамилени камсыздоо талабы коюлду.

Мен туура түшүнөм. Аны угуп-окуп атам, Аппаратым кайсы жерде эмне кемчилик болсо чыгаары менен мага билдирип турушат.

Кыргызстанда болуп, айтылып жаткан бардык кемчиликтер боюнча кабардармын.

Мен, албетте, коомчулуктун, айрым бир саясий күчтөрдүн кооптонуусун түшүнүп турам.

Муну баштан өткөргөнбүз. Биздин өлкө эки ирет элдик толкундоону көргөн өлкө. Айрыкча, 2010-жылы абдан трагедиялуу окуялар болду. Апрелдеги, Оштогу июнь окуясы. Анын баарын өз көзүм менен көрдүм. Баары көз алдымда турат. Ошол эки революциянын себеби — ушул шайлоонун кесепетинен чыккан толкундоо болду.

Ошондуктан, элде кооптонуу да бар, имиш-имиш кептер да бар. Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар дагы бар.

Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз.

Дагы айтып коюшум керек — Президент катары мен тараптан, Президенттин Аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз.

Бирок, ачык айтып коюушум керек, ошол эски адат менен, ушул шайлоонун эпкини менен тынчтыкты буза албаса да, учурдан пайдаланып, кырдаалды чайпап жибергиси келгендер да бар.

Андайларга алдын ала чаралар көрүлө турганын кечээ Коопсуздук кеңеште да так кесе айттым.

Чечим кабыл алып, анда да так, даана жазылды. Мен да катуу талап койдум.

Шайлоо процессине катыша турган бардык тараптар үчүн бул алдын ала кагылган коңгуроо деп түшүнсө болот.

Анткени, дагы айтам, өлкөдөгү тынчтыкты, элдин тынчтыгын, коопсуздугун сактоо — менин негизги милдетим. Бул милдетти аткарып келатам, аткарам.

Ошондуктан, мен дагы бир ирет эскертип кетем.

Шайлоону пайдаланып, ызы-чуу кылгысы келгендер, өзүнө упай топтогусу келгендер баары көз жаздымда калбайт.

Мен терең ишенем, биздин кеменгер элибиз, биздин жарандык коомдон да чоң колдоо болот деп. Шайлоонун тынч өтүшү — бул бир эле мага эмес, жалпы элибизге, коомчулук үчүн керек маселе.

Ал эми шайлоо тазалыгын айтсам, Президент, Борбордук шайлоо комиссиясынан тышкары, саясий партиялар, саясатчылар, коомдук активисттер, шайлоочулар — баарыбыз жооптуубуз. Муну терең түшүнүү керек.

Азыр мына, добуштарды сатып алуу тууралуу ар кандай сөздөр чыгып жатат.

Добушту сатпай коюу ар кимибиздин жеке эркибиз. Эч ким мажбурлабайт. Билип-көрүп туруп, анан кичинекей болбогон каражатка алданып жатпайбы. Ошон үчүн күнөөнү бир эле мамлекеттик бийлик, органдар карабайт дебестен, ар ким өзүнөн баштап, анан жанындагы адамдарга ошондой талапты кое-билсек, шайлоо таза, жакшы өтөт деп ишенем.

Мен президенттик милдетимди, БШК өз милдетин, партия, шайлоочулар өздөрүнүн укугу менен кошо милдетин так аткарса эле, шайлоо таза өтөт. Бул ар бирибизге байланышкан нерсе.

Ошондуктан, байкоочу же сынчы эмес, баарыбыз катышуучу болушубуз керек.

Бул — өлкө үчүн, баарыбыз үчүн чоң сыноо. Бул сыноодон да татыктуу өтүшүбүз керек. Ошондуктан, мен бардык мекендештеримди дагы бир ирет жоопкерчиликке чакырам.

Бул — жалпы улуттук милдет деп баарыбыз тең сезишибиз керек.

— Быйыл Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 29 жылдыгын белгиледик.

Бул датага арналган иш-чара, албетте, жылдагыдан өзгөчөлөндү. Пандемия шартында.

Бирок, коомчулук тарабынан талкууланган нерсе башка болду. Акын Аалы Туткучевдин ырдаганы, ал козгогон темалар соцтармакта талкууга алынды.

Айрымдар муну биздин коомдун ачыктыгы, жетишкендиги дешсе, айрымдары бул Президенттин саясатын сындаганы деди. Башка пикирлер да бар. Сиздин пикириңиз коомчулук үчүн кызык болушу керек.

— Аалы акыныбыз мамлекеттик саясатты, тагыраак айтканда, менин президенттик ишимдеги негизги багыттарды ырга салды.

Бул, албетте, коомчулуктун көңүлүн бурат.

Акын — элдин жарчысы да, биринчи кезекте.

Мен да эл аралап жүрөм, элден көп кайрылуу келет. Ар кандай кайрылуу келет.

Элди эмне түйшөлтөт, эмне маселе, кандай көйгөйлөрү бар, баарыбызга алаканга салгандай эле көрүнүп турат да.

Элди кыдырып жүргөндө угуп атам. ЖМКлардан угуп атам.

Биз ачык коомбуз. Ал көйгөйлөрдү капка салып, беките албайбыз.

Баардык эл билет. Эл билген нерсени жашыра албайбыз.

Мына, эки жылдан бери тынбай айтып келе жатам, бул айтылган маселелер боюнча. Иш жүрүп жатат. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүү боюнча.

Ошол эле бажы тармагын алалы. Бул көп жылдар бою, 20-30 жылдап калыптанган мамилелер, схемалар бар. Ошолорду биз азыр жок кылып атабыз. Бажыда эле эмес, көп тармактарда абал ошондой болуп келген. Болуп жаткан, көрүп жаткан нерселер менен күрөшүп жатабыз.

Мына, менин өлкөнү санариптештирүү боюнча саясатымдын бирден бир максаты — ошол адам факторун жокко чыгаруу. Ошол тармактардагы коррупция элементтерин жоюу.

Муну мен ойлоп тапкан жокмун. Дүйнөнүн көп алдынкы өлкөлөрү коррупция менен күрөштө санариптештирүү менен ийгиликке жетишкен. Бул аларга адаттагы көрүнүш болуп калган.

Мурда да айткам, дагы айтам. Баарын камап түгөтө албайбыз. Мына ушул санарип бизди, өлкөнү, жалпы элибизди коррупциялык элементтерден куткарат.

Ошол үчүн бул санарип саясатына абдан катуу көңүл буруп жатам.

Барган жеримде, бир эле бажы эмес, салык эмес, сот системасына, айыл өкмөтүнө кирип жаткан санарип саясатын текшерип жатам.

Элге кызмат көрсөтүүсүн, айрыкча мамлекетке, бюджетке түшүп жаткан каражаттарды санариптешмейинче биз мамлекеттин, бийликтин кадыр-баркын элдин астында көтөрө албайбыз. Эл коюп жаткан талапты биз аткара албайбыз.

Аалы акыныбыз ошол саясатымды ырга салды. Ырга салып, айтты.

Менимче, Аалы мырза менин жүргүзүп жаткан саясатымды элибизге дагы жакындатты. Мен мына ушундай кабыл алдым.

Менин президенттик ишимди акындар ушинтип ырдап, коррупционерин коррупционер деп, коомдун оорусун көзгө сайып көрсөтүп турса, мындан эч жаман нерсе издеп кереги жок деп ойлойм.

Күрөшүп жатабыз, убакыт керек болуп жатат.

Элдин үнүн бийликке жеткирип эле тим болбой, аткаминерлерди чыйралтып, керек болсо тизгиндеп туруу — ушул биздин акындардын вазийпасы деп ойлойм.

Андай мүмкүнчүлүк акынга бир келди. Бир келген нерсени айтып алды. Туура кылды деп ойлом.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, айта кетейин.

Эмдиги жылы Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгын белгилейбиз.

Кудай буйруса, азыркы илдетти жеңсек, жалпы элибиз менен бул датаны чоң сыймык менен белгилейбиз.

Жакында атайын Жарлыкка кол коем. Даярдык иштерин эмитен баштап, маданий, тарбиялык, патриоттук иш-чараларды биздин сүйүктүү мамлекетибиздин Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата, даярдык иштерин баштайбыз. Жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген ой-максаттарым бар. Буюрса, бир жылда өзгөрүү болсо, Аалы акыныбыз дагы чыгып ырдаса, айтып кетер ошол жетишкендиктерди.

— Рахмат, Сооронбай Шарипович, айтканыңыз келсин. Баарыбыз ошол күнгө күбө бололу. Убактыңызды бөлүп, өлкөдөгү маанилүү маселелер боюнча суроолорубузга жооп бергендигиңиз үчүн Сизге ыраазычылык билдиребиз.

Жооптуу ишиңизди ийгиликтер коштосун.

— Рахмат, сиздерге да ийгилик.