Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди. Анда мамлекет башчысы саясий  партиялар тууралуу оюн билдирди.

«Шайлоо жакындаган сайын көпчүлүк маселени саясий өңүттөн кароо аракети күч алат.

Бул — табигый көрүнүш. Добуш алуу үчүн ар кандай жолдорго барышат.

Негизинен эле биздин коом ашкере саясатташкан десем жаңылбайм го.

Аны өзүңүздөр деле көрүп жатасыздар, окуп жатасыздар.

Бизде кимиси болсо да саясаттан кеп салып, эксперттик пикир билдирүүгө даяр.

Бул эмнеден келип чыгып жатат?

Эл арасында айтылат эмеспи, жарды өлкөнүн эли — саясатчы, бардар өлкөнүн эли — саякатчы деп.

Экономикасы өнүккөн, жеке кирешеси күнүмдүк тирилигинен ашкан өлкөнүн жарандары саякаттап, дүйнө кыдырганга мүмкүнчүлүгү бар да.

Биздин өлкөнүн эли да ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болчу мезгилге жетебиз деп ишенем. Буйруса жумуш орундары түзүлүп, завод-фабрикаларды салып, өзүбүздөн өндүргөн кайра иштетүү өнөр жайын жолго койсок.

Менин жасап жаткан ишим дагы, көздөгөн мамлекеттик саясатым да ошол»,-деди өлкө башчы.