«Ала-Тоо» аянтында төкмө акын Аалы Туткучев аткаминерлерди сынга алганын президент Сооронбай Жээнбеков төмөнкүдөй жооп берди.

«Менин президенттик ишимди акындар ушинтип ырдап, коррупционерин коррупционер деп, коомдун оорусун көзгө сайып көрсөтүп турса, мындан эч жаман нерсе издеп кереги жок деп ойлойм.

Күрөшүп жатабыз, убакыт керек болуп жатат.

Элдин үнүн бийликке жеткирип эле тим болбой, аткаминерлерди чыйралтып, керек болсо тизгиндеп туруу — ушул биздин акындардын вазийпасы деп ойлойм.

Андай мүмкүнчүлүк акынга бир келди. Бир келген нерсени айтып алды. Туура кылды деп ойлом»,-деди президент.