Facebook социалдык тармагынын башчысы Марк Цукерберг АКШда 3-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодон соң, өлкөдө баш аламандыктар башталышы мүмкүн деген оюн билдирди. Бул тууралуу ал Axios менен болгон маегинде айткан.


«Тилекке каршы, менин оюмча добуш берүү менен добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялоонун ортосунда баш аламандык коркунучу чоң окшойт. Зордук-зомбулукту азайтуу үчүн колубуздан келгендин баарын жасашыбыз керек деп ойлойм », — деп эскертти Цукерберг. Ошондой эле ал жалпыга маалымдоо каражаттарын, Фейсбук менен биргеликте, калкты добуштарды саноо бир нече күнгө, ал тургай бир нече жумага созулуп кетишине даярданууга чакырды.

Эске салсак  АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Республикалык партия учурдагы президент Дональд Трампты шайлайт, ал эми демократтар экс-вице-президент Джо Байденди колдошот.