Автокырсыкка учураган ырчы Асел Кадырбекова эки айдан кийин инстаграм баракчасы аркылуу эл менен амандашып, пост бөлүштү. Асел айым постунда жалпы элге, ыраазычылыгын билдирип, элдин дубасы менен жашоого кайтканын айтты:

“Салам достор! Абалым акырындык менен жакшырып келатат. Албетте, толук калыбыма келиш үчүн убакыт керек… Дарыгерлерге, апама, жолдошума, туугандарыма, досторума жана албетте, оор күндө биз менен болгонуңуздар үчүн сиздерге чоң рахмат! Бир гана сиздердин дубаңыздар мени жашоого кайтарды. Мен “Элдин кызы” болуп калганымды билген эмес экенмин… Ыраазычылыгымды сөз менен жеткире албайм. Алдыга койгон көптөгөн пландарым бар, эң негизгиси жакшы болуп алайын. Жакында видеокайрылуу да жолдойм”,- деди Асел Кадырбекова.