7-сентябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Ал эми күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым аймактарында, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +8…+13
күндүз +18…+23

Талас облусунда

түнкүсүн +4…+9
күндүз +15…+21

Баткен облусунда

түнкүсүн +10…+15
күндүз +22…+27

Ош, Жалал-Абд облустарында

түнкүсүн +10…+15
күндүз +22…+27

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +5…+10
күндүз +14…+19

Нарын облусунда

түнкүсүн +4…+9
күндүз +15…+20

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11 градус, күндүз +19…21 градус болот.