Беларустун борбору Минск шаарындагы «Биримдик маршы» акциясына чогулгандардын саны 100 миңге жетти. Жалпыга маалымдоо каражаттары бул эс алуу күнүндөгү акциячылардын саны мурунку жумага жеткенин маалымдашкан.

Мындай марштар Беларустун борборунан башка шаарларында да өтүп жатат. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги борбор шаардагы чоң көчөлөр жабылганын кабарлаган. Ал эми акциячылар Көз карандысыздык сарайына барышкан. Андан кийин адамдар кармалганы тууралуу малыматтар айтылды.

Беларуссь Республикасындагы мындай нааразычылык акциялар ушул жылдын 9-августтунда башталган. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Александр Лукашенко кайрадан жеңишке жеткенине нааразы болгондор бул шайлоону жокко чыгарып, кайра добуш берүү уюштурууну талап кылып жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Тихановская 10,1%, ал эми Лукашенко 80,1% добушка ээ болгон.