6-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Баткен облусуна болгон расмий иш сапары башталды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, иш сапар алкагында муфтий алгач Баткен казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, облус казысынын 8 ай аралыгында аткарган ишинин отчёту менен таанышты. Ошондой эле муфтий медреселердин  абалы жана  жаңы окуу жылына карата онлайн кабыл алуулары, окуу жылына карата онлайн режиминде сабак өтүүгө даярдыктар менен таанышты.

Казыят кызматкерлери жана райондук баш имамдары жана жалпы дин кызматкерлери функционалдык милдеттерин так аткаруусу милдеттүү. Нике каттоо журналы менен  ар бир имам кылдат иш алып барсын. Бул үй-бүлө институтунун бузулуусуна жол бербейт. Ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуубуз керек  жана бул боюнча атайын иш-чараларды өткөрөлү!   Пандемияга байланыштуу аялдардын окуу борборлору дагы токтоп калды. Биз абал турукташканда бул аялдар окуу борборуна көңүл буруп, ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп туруубуз зарыл”, — деди муфтий. 

Жолугушуу учурунда облустук казыяттын жана  баш имам хатиптердин аткарган иштери боюнча отчётторун угуп, парламенттик шайлоодо диний кызматкерлери кызматын колдонуп үгүт жүргүзбөөсү керек экендигин эскертти.