«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар президенттик кызматка жана Жогорку Кеңештин депутатты болуп шайланууга укугу жок.

БШКнын жыйынында талапкерлердин тизмесин каттоо маселеси каралып жатканда жумушчу топ тарабынан талапкерлердин соттолуп же соттолбогондугу текшерилгендиги айтылып, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген.

Жумушчу топ «Кыргызстан» жана «Чоң казат» партияларынын талапкерлери боюнча тиешелүү мекемелерден алган маалыматты жарыялаган жок.

Башка партиялар боюнча төмөнкүлөр аныкталды:

  • «Ата Мекен» партиясында 1 талапкер акталган. Дагы бирөө Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча айыпталган (ал соттолду деп эсептелбейт).
  • «Бир Бол» партиясынын 1 талапкеринин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган. 1 талапкер соттолгон, ошондуктан ал тизмеден чыгарылды.
  • «Ордо» партиясынын соттолгон 1 талапкери да тизмеден чыгарылды.
  • «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 1 талапкери акталган. Дагы бирөө Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча айыпталган (ал соттолду деп эсептелбейт).
  • «Биримдик» партиясындагы 6 талапкердин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган.
  • «Социал-демократтар» партиясындагы соттолгон 1 талапкер тизмеден чыгарылды.
  • «Республика» партиясындагы 1 талапкер акталган, 1 талапкердин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган.
  • «Ыйман нуру» партиясындагы 2 талапкердин үстүнөн козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган. Ал эми бир талапкер Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча айыпталган (ал соттолду деп эсептелбейт).
  • «Мекенчил» партиясындагы 1 талапкердин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган. 1 талапкер соттолгон, ал тизмеден чыгарылды.
  • «Мекен Ынтымагы» партиясындагы 2 талапкердин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган. Соттолгон 1 талапкер тизмеден чыкты.
  • «Замандаш» партиясындагы 4 талапкер акталган.

Соттолгон талапкерлер БШК тарабынан тизмеден алынып же өз эрки менен тизмеден чыгышкан. БШК жалпы 1912 талапкерди каттады.

ПартияЖалпыСоттолгон эмесСоттун өкүмү күчүн жоготкон% мененСоттун чечими жок
«Бир Бол»109852220,2%2
«Чоң Казат»82651518,3%2
«Мекенчил»1381082417,4%5
«Мекеним Кыргызстан»2001673115,5%2
«Социал-демократтар»101791312,9%11
«Ата Мекен»1501301812,0%2
«Биримдик»2001702412,0%6
«Ыйман Нуру»102861211,8%4
«Республика»1661451911,4%2
«Мекен Ынтымагы»1501291711,3%3
«Замандаш»156139159,6%1
«Ордо»1018976,9%4
«Афган согушунун ардагерлери жана согуштук жаңжалдардын катышуучуларынын партиясы»787356,4%
«Реформа»857933,5%3
«Кыргызстан»15091маалымат жокмаалымат жок5
Жалпы1968163522511,43%52