Чубак ажы тирүү болсо «Бүтүн Кыргызстанга» кошулса, Турсунбай Бакир уулундай эле, нааразы болмок. Ушундай абалда калып, абдан ыза болмок, дейт Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Азимбек Бекназаров гезиттердин бирине берген маегинде.

Анын айтымында, ал маркум тирүү кезинде суроо бергенинде Мадумаров менен Чубак ажы жекече адамдык сапат, журум-турум жагынан караганда Мадумаров менен Чубак ажы эки башка адам. Эгерде экөө бириккен күндө да, көпкө чогуу боло албайт. Чубак ажы көп жагынан, адам катары Мадумаровго караганда анын келишпес «душманы» болгон Сооронбай Жээнбековго жакын.

“Эми мына экөө биригип күзүндөгү шайлоого аттанды дейли. Мен эл алдында турган экөөнү 2010-жылдын май айында Жалал-Абадда Батыровдун университетинин ичиндеги жыйында катар турушкан Кадыржан Батыров менен губернатор Бектур Асановдун турганындай элестетем деп жооп бергем. Анын үстүндө Адахан Мадумаров командалык саясий «игрок» эмес, ал «топту мага бергиле, голду мен гана киргизишим керек» деген «игрок». Мындай саясатчы эч качан күчтүү команда күтө албайт. Үч-төрт эмес, ондогон супер популярдуу, өтө белгилүү адамдарды партиясына кошкон күндө да ал оң натыйжа бербейт. Өз билгенин кылат дегем. Айтканымдай эле болуп, Турсунбай ажыны оюндан чыгарып салды. Маселе Мадумаров же акчасы жоктордо эмес, бүгүнкү ошол Мадумаров, Максим Бакиевдер 2007-жылы ойлоп тапкан шайлоо системасында жатат”, — деп белгиледи Бекназаров.

Ал ушул шайлоо системасын өзгөртүүгө, «Бүтүн Кыргызстан», «Ата Мекен» партияларынын лидерлери каршы экенин, алар шайлоо босогосун мындан дагы азайталы деп жүрүшкөнүн, себеби, ушул шайлоо системасы менен тизме түзүүдө, депутат ким болорун аныктоодо, аларды алмаштырып турууда, акча топтоону бизнеске айланткан саясатчылар пайда болгонун баса белгиледи.