7-сентябрда бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Баткен облусунда – 3
• Ысык-Көл облусунда – 2

Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 12 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3157 учур катталды, алардын ичинен 2579 медкызматкер айыкты.