Бүгүн, 7-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында коронавирус жана пневмония менен дагы 55 адам катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, муну менен жалпы 44 миң 458 адамга коронавирус жуккан.
Жаңы катталгандар:
— Бишкек шарында 12 адам;
— Ош шаарында 1;
— Чүй облусунда 2;
— Ош облусунда 5;
— Талас облусунда 2;
— Ысык-Көл облусунда 9;
— Жалал-Абад облусунда 11;
— Баткен облусунда 13.