Коронавирус илдетин өз алдынча дарылоого болбойт. Сөзсүз дарыгердин көзөмөлүндө дарылануу зарыл. Ошондой эле, антибиотиктер жана гормоналдык дарылар вируска каршы колдонулбайт, андыктан аны өз алдынча сатып алып, ичүүгө болбойт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

Ошондой эле адис, коронавирус оорусунан айыккан бейтаптардын, ден соолукту кайра калыбына келтирүү үчүн ооруканага барбастан, үй шартында программаларды аткарууга болоорун айтты.

Оорунун белгилери оорудан айыккандан кийин дагы эки-үч айга чейин сакталуусу мүмкүн: жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, өпкөнүн оорушу жана башка. Ошондуктан, ар бир жаранга реабилитация программаларын аткаруу сунушталат. Бул үчүн атайын инструкторлор даярдалып, роликтер тартылган.

Реабилитация учурунда бейтаптарга кошумча дарылардын кереги жок. Калк арасында өпкө сезгенде фиброзго учурайт деген маалымат тараган жана ал үчүн кандайдыр бир дармектерди жана башка тамак-аштарды колдонгон учурлар кездешип жатат. Бул маалыматка ишенбеңиздер”, — деп кошумчалады Т.Сооронбаев.