Бакалавр даражасын аяктаган Ички иштер министрлигинин академиясынын бүтүрүүчүсүнүн дипломуна 2037-жылдын 20-июлунда берилген деп жазылып калган.  Бул тууралуу  Kaktus.media өз булактарына таянуу менен жазды.  

Бул маалымат  жарыялангандан кийин, Ички иштер министрлигинин академиясы, «Бул техникалык ката дипломду берүүгө даярдануу учурунда аныкталды, ошондуктан ал расмий мөөр менен тастыкталган жок, диплом берилген эмес жана жараксыз. Учурда диплом оңдоп-түзөөгө багытталды «, — деп билдирди.