Шайлоо процессин өткөрүү коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилине туш келди. Бул процесстин бардык катышуучуларынан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Үгүт кампаниясы маалында партиялар жана шайлоочулар белгиленген санитардык нормаларды жана талаптарды сактоосу керек. Тийиштүү көзөмөл болушу зарыл. Мындан тышкары шайлоо күнү республиканын аймагындагы эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу шарт», – деди Өкмөт башчы.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, добуш берүү күнү шайлоо участкаларына барган Кыргыз Республикасынын жарандарына, шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине жана процесске тартылгандарга коронавирус инфекциясынын жугушун жана өпкөнүн сезгенишин алдын алуу боюнча жакынкы аралыкта план бекитилерин белгиледи.

Штабдын жыйынында саламаттык сактоо объектилеринин курулушу жана жабдылышы боюнча маселелер каралды.

Премьер-министр бул маселелерди сапатуу жана өз учурунда иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Мындан тышкары санитардык эрежелерди сактоо боюнча эл арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.