Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Каркыра-автожолу» көзөмөл өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгү жанданды. Мындан ары саат 08.00 – 18.00 аралыгында иштей турганын бүгүн, 7-сентябрда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөрүү пунктунан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстанга барганда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышуусу керек.

«Каркыра-автожол» өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан пункт 2003-жылдын 25-декабрындагы «Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайлары жөнүндө» макулдашууга ылайык көп тараптуу, автомобилдик пункт болуп саналат. 2020-жылдан баштап жыл бою иштей турган режимге өткөн.