КР Саламаттык сактоо министрлиги профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, 2020-2021-жылдарга карата алдыдагы эпидмезгилде республикада сасык тумоодон өлүмдүүлүк жана өрчүшүп кетүүлөрдү болтурбоо максатында гриппке каршы профилактикалык вакциналарды сатып алууда. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, жыл сайын октябрь айынан апрелге чейин курч респиратордук вирустук инфекцияларга чалдыккандар көбөйүп, мында грипп менен ооругандар декабрь айында катталат, көп ооругандар декабрдын аягынан январь айларында байкалат.

Борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарынын эсебинен гриппке каршы вакцина сатылып алынды, ал этап-этабы менен ноябрга чейин алынып келет. Вакцинанын алгачкы келиши сентябрдын ортосунда күтүлүүдө. Калкты эмдөө сентябрдын аягынан ноябрдын соңуна чейин жүрөт.

Сасык тумоого каршы вакцина республиканын бардык облустары (райондору, шаарлары) боюнча бөлүштүрүлөт, эмдөө иштери бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮДТ, ФАПта) болот.

Вакцина биринчи кезекте тобокелчилик тобуна кирген жактарга арналат: өнөкөт оорулары бар жактарга (жүрөк оорусу, дем алуу системасы, кант диабети ж. б.), кош бойлуулар, көп ооруган балдарга, балдар үйүндөгү балдарга, карылар үйүндөгүлөргө, мектеп-интернатындагы балдарга, медициналык жумушчуларга жана 65 жаштан жогорку курактагыларга ыктыярдуу түрдө акысыз жүргүзүлөт.

Профилактикалык эмдөө бардыгына арналган, бирок сатылып алынган вакцина баарын камтый бербеши мүмкүн, ошондуктан акы төлөнүүчү негизде жеке медициналык борборлорунда профилактикалык эмдөөнү уюштурууну күчөтүү чаралары көрүлүп жатат.

Ушуга байланыштуу лицензиясы бар жеке медициналык борборлорго каалоочулар кайрылган учурда сасык тумоого каршы вакцинаны акы төлөнүүчү негизде жүргүзүүгө уруксат берилет.

Бишкекте жыл сайын жеке менчик медициналык борборлордо «Цадмир», «Кроха», «Малыш», «Гиппократ», «Поликлиника 312», «Доктор Kg» жана Бишкек шаарындагы №6, 8 үй-бүлөлүк медициналык борборлордо эмдөө жүргүзүлөт.

Ошондой эле 2020-жылы Ош шаарында төмөнкү жеке медициналык борборлордо: “Андрос», «Кg” лаборатория, «Касиет», «Медальюкс», «Здоровье +» сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүү пландалууда. 2019-жылы вакцинанын бир дозасынын орточо наркы 600-650 сомду түзгөн.