Пандемия жубайлардын мамилесине кандай таасир тийгизди? Психолог менен маек

122

Covid-19 пандемиясынын масштабы, узактыгы жана жашоонун бардык катмарына тийгизген таасири көпкө чейин сакталары турган иш. Эпидемиологиялык кырдаал ар бир адамга, анын психологиясына, жубайлардын мамилесине, эң эле биринчи үй-бүлөдөгү атмосферага чоң өзгөрүү алып келди. Жакынкы убакта үй-бүлөдөгү мамилелер кандай мүнөздө болот жана эмне өзгөрөт деген суроолор көпчүлүктү ойлондурган жана ачык маселе бойдон калууда.

Ачык суроолорго психолог Виталий Пукаев жооп берди.

Алгач, үй-бүлөгө мүнөздөмө бере кетсеңиз…

Үй-бүлө – бул жөн гана статистикалык жана юридикалык жактан бекемделген бирикме эмес. Ал дайыма кыймылда жана өзгөрүүдөгү динамикалуу тутум.

Пандемияга байланыштуу үй-бүлөдөгү кризис жөнүндө көп кеп болууда. Бул эмнеге байланыштуу?

Пандемия учурунда үй-бүлөдө пайда болгон каатчылык актуалдуу маселеге айланды. Мындай учурда психологиялык жардам абдан керек. Жыл башынан бери көп окуялар болду: карантиндеги жашоодогу келип чыккан түшүнбөстүктөр, кырдаалга ыңгайлашуу, андан соң оору менен алышуу.

Кытайда карантин чаралары алынгандан кийин ажырашуулар көбөйгөндүгү тууралуу макалалардын толкуну пайда болду. Кийинчерээк адамдардын эмоционалдык өзгөрүүлөрү башка өлкөлөрдө да байкалды.

Кыргызстанда ажырашуу тууралуу статистика жок. Бирок, бул маселеде башка өлкөлөр менен окшоштуктар бар. Азырынча социалдык жана психологиялык процесстерди анализдөөгө эрте жана маалымат жетишсиз.

Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдө абал бир аз башкача болду. Анткени, бизде чоң үй-бүлөлөр көп. Бир эле үйдө чоң ата, чоң апа, жубайлар, мектеп жашындагы балдар, студенттер жашайт. Буга байланыштуу эң эле биринчи экономикалык маселе көтөрүлөт, анткени бул үй-бүлөнүн туруктуулугун камсыздап турган эң маанилүү нерсе болуп эсептелет. Мунун баары психологиялык “талааны” өзгөрүүлөргө алып келип, ажырашуулар жөнүндө кеп козголбой койбойт.

Үй-бүлөсүндө жарака кеткен жубайлар үчүн кандай кеңеш берет элеңиз?

Мындай учурда “үй-бүлөнү сактап калуу” же “мамилени түздөө” боюнча бирдиктүү алгоритмди айтуу кыйын. Ошондой болсо да, бир канча кеңештерди айтып өтөйүн.

Жубайлардын баарлашуусунун сапатына көңүл буруу керек, бири-биринин муктаждыктарын канчалык деңгээлде каныктыра алат. Маанилүү фактор –  жолдошу менен болгон мамиленин баалуулугу, жана сезимдерди тартынбай билдире алуу абзел. Компромисске баруу да мамилени калыбына келтирүүдө чоң роль ойнойт. Жубайлар эмне түйшүккө салып жатканын жана кандай ыңгайсыздыктар болуп жатканы тууралуу ачык сүйлөшүп алуулары зарыл. Сезимдерин ачык билдирүүдөн тартынган жубайларчы?

Бул да актуалдуу маселе. Канчалык татаал болбосун, аракет кылып үйрөнүп кетсе болот. Пандемиянын таасири менен биз ички дүйнөбүз жөнүндө көбүрөөк ойлонуп баштадык. Ошол үчүн ачык диалог бири-бирибизди тереңирээк түшүнгөнгө өбөлгө түзүп, мамиленин жакшырышына негиз болот.

Ачык сүйлөшүүдө жубайлар бири-бирине кандай суроолорду бериши керек?

Жубайлардын туруктуу жашоосунун түркүгү – кыйынчылыктарды бирге жеңе билүү, шайкештикти сыноо жана үй-бүлө катары ресурс булактарын таба билүү.  Ошол үчүн: Сен эмне үчүн мени менен жашап жатасың? Биздин мамилебиз сага эмне берип жатат? Бул мамиледен мен эмне күтөм? Бизге бул бирикменин эмне кереги бар? деген суроолорго жооп алып, үй-бүлөлүк мамиленин жаракасын бүтөөгө болот.

Бул баяндама АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фондунун колдоосу менен “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоорунун “Көп жаша” кампаниясынын алкагында даярдалды. Баяндаманын мазмунуна автор жооптуу жана ал USAID, АКШнын өкмөтүнүн же Ага Хан Фондунун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.