Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзө турган миссиясы өз ишин баштады. Бул тууралуу 7-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында миссиянын жетекчиси, даниялык дипломат Томас Бозеруп билдирди.

Анын айтымында, кыргыз бийлигинин расмий чакыруусу боюнча иштей турган миссиянын негизги курамында Бишкекте иштеген 12 эксперт болот. Алардан тышкары 11-сентябрдан тартып жер-жерлерде узак мөөнөттүү 18 байкоочу иштей баштайт.

Миссия Кыргызстандын ЕККУнун алдындагы жана эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышына, демократиялык шайлоо өткөрүү стандарттарынын сакталышына көз салат.

ЕККУнун Бишкектеги борбору маалымдагандай, коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам байкоочулардын саны мурда пландагандай көп болбой калды. Миссия мүчөлөрү добуш берүү күнү айрым гана шайлоо участокторун барып кыдырышат. Добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуштарды эсептөөгө жана жыйынтык чыгарууга системалуу түрдө байкоо жүргүзүлбөйт.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 15 саясий партия катышууда.