Төкмө акын Аалы Туткучев өзүнүн социалдык баракчасына шайлоого карата кимди шайларын ачыктап жазды. Анда баардык партиялар айды, күндү алып беребиз-деп тоону убада кылса да убада сөзү жок, бирок иши менен кылган партияны тандаганын айткан.

«Бир партия жагып жатат, добушумду ага берип башкаларга да сунуш кылам. Аны шайласа азыркынын баары жоголуп, жаңы жүздөр депутат болмок. Ал “Баарына каршы” партиясы», — деп жазат.

Эскерте кетсек, 4-октябрда белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жалпысынан 15 партия ат салышууда. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.