Жеке ишкер Тимур Файзиев Инстаграм социалдык тармагы аркылуу,  түз эфир учурунда берилген «Стадион курат белеңиз» деген суроого: «Ооба, курсам болот, бирок антпейм. Футбол деңгээли төмөндөр үчүн акылсыз оюн деп» жооп берген. Жеке ишкердин бул пикирине,  белгилүү футболчу Азамат Байматов комментарий берди.

 «Сен бир үй саласың, экинчисин саласың, анын эмне бар? Бул карапайым элге эмне тиешеси бар? Карапайым эл – бул биздин дүйнөлүк күйөрмандар. Алар дүйнө чемпионатынын катышуучулары Японияга каршы оюнга акыркы 500 сомуна билет сатып алып, кыргыз футболчуларын колдоого келгендер. Сен аларды «популисттер» деп кемсинттиң!»,- деген.