Россияда рок ырчы Земфиранын концертинде бир адам каза болду, деп жазат оруссиялык маалымат каражаттары.  

Маалыматка караганда, окуя Санкт-Петербург шаарындагы «Севкабель Порт»  аянтында рок ырчысы Земфиранын концерти учурунда болгон. Анда концертке келген эркек кишинин жүрөгү кармап, каза болгон. 

Аны көрүүчүлөрдүн арасынан эс учун жоготкон абалда алып чыгышкан. Нөөмөттө турган медициналык кызматкерлер аны эсине келтирүүгө аракет кылышкан. 

Ырчынын чыгармачылыгын сүйүүгөн жаран тез жардам кызматынын унаасында каза болгон.