Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон Кыргыз Республикасынын жараны 1990-жылы туулган Жумабек уулу Кайраттын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу, ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал 2020-жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Ысык-көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү автоунаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 165-170 см, чачы 4-5 см, көзү күрөң, кыска сакалы бар.
Дайынсыз жоголгон жарандын кайда жүргөндүгүн билген болсоңор төмөнкү телефон номурлары аркылуу маалымдап коюңуздарды суранабыз:
0551 040202,
0707 040202,
0555 347994 же
Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгүнүн номуру 0312 266261.