Мен «кайын энеме» апама ыраазычылык билдиргим келет… Жолдошум экөөбүз 1 ай сүйлөшүп турмуш курганбыз, келин болгонума 3 жыл болду, келген күндөн баштап апамдын бир кабагы түшкөнүн көрбөдүм, дайыма кабагы ачык, күлүп-жайнап жүрөт. 3 абысынбыз, мен ортончусу баарыбызга бирдей мамиле жасайт… Үчөөбүзгө апам өзү ат тандап алган чоң жеңемди Зирегим дейт, мени Акмөөрүм, кичи абысынымды Аймончогум дейт…

Апам 3 уул 1 кызды жалгыз тарбиялап өстүрдү, балдарынын баары намаз окуп, түз жолдо жүрүшөт. 1 кайын сиңдим бар алтын кыз, кулк-мүнөзү оор басырыктуу аябай жакшы кыз… Айтор кайын журтум жакшы адамдар Аллага миң мертебе шүгүр келтирем… Аллахым «Жаштын тилегин берет» демекчи, жаштыгымда ар дайым тилейт элем, кайын энем, жолдошум, кайын журтум жакшы адамдар болсо экен деп…Шүгүр, тилегим орундалды. Кайын энемди өз апамдай көрөм, буйруса төрүбүздүн көркү кылып, сый-урмат көрсөтүп барктап жүрөбүз. Анткени мен да келечекте келинимден жакшы мамиле күткүм келет….. Ынтымагыбызга көз тийбесин, кыз кайын энеге кандай мамиле кылса, өз апасына да жеңелери ошондой мамиле кылат деп ойлоймун! Анткени ар бир нерсенин кайтарымы болот.

Ошондуктан кыздар пейилди кенен кылып, кайын энем жаман, кайын сиңдим жаман деп жамандай бербей, өзүңөрдүн да мүнөзүңөрдү ондогула, Чубак ажыбыз айткандай,»Бир кайын энеге кызмат кыла албаган келин неге келин болуп жүрөсүң, бир келинди кызым дей албаган кайын эне неге кайын эне болуп жүрөсүң»,- дегендей кайын энелерге өз апабыздай мамиле кылсак баары жакшы болот..