Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык абалы, күз-кыш мезгилине даярдыктар, ошондой эле парламенттик шайлоону өткөрүү маселелери талкууланды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүнүн жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында ооруканаларды куруу жана оңдоп-түзөө иштери күчөтүлгөн темпте жүрүп жатканын белгиледи.

Өкмөт башчысы коомдук транспортто жана көпчүлүк учурда эрежелерди аткарбай жаткан кафе-ресторандарда санитардык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча рейддер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Эрежени сактабай, улам-улам буза берген кафе-ресторандарга айып пул гана эмес, жапканга чейин жоопкерчиликке тартуу сунушталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болбошуна эч кандай кепилдик жок экенин өзгөчө белгилеп, ага байланыштуу аймактардагы ооруканалардын курулушу менен реконструкциялоо иштерине, жаңы медициналык мекемелерди жабдууга, кошумча койко-орундарды даярдоого жана дары-дармектердин запасын камсыз кылууга көңүл бурду.

Мамлекет башчысы парламенттик шайлоонун алдында шайлоо тилкелерин талаптагыдай техникалык жана санитардык даярдыктар менен камсыз кылуу, шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ишкерликти колдоо боюнча иштерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын ишмердигин, калкты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууну санариптештирүү боюнча иштерди күчтөндүрүүгө, салыктык жол-жоболорду фискалдаштырууну активдештирүүгө чакырды.