Кечээ, 7-сентябрда Кара-Көл шаарында 150 түк чөп өрттөндү. Бул туралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалым болгондой, кырыск саат 16:15 чамасында Кара-Көл шаарына караштуу Чоң-Таш айылында болгон. Айылда эски сарай өрттөнүп, андагы 150 түк чөп өрттөнгөн. Сарай үйдүн короосунан сырткары, тоонун түбүндө жайгашкан. Кырсык жаш балдардын оюнунан улам келип чыгышы мүмкүн экендиги болжолдонууда.