2021-жылы Токиодо Олимпиада оюндары дүйнөдө жүзүнө жайылган  коронавирус илдетине  карабастан өтөт. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин вице-президенти Жон Коутс билдиргенин оруссиялык маалымат булактары жазышты.

«Олимпиада коронавирус шартында деле, ансыз деле өтөт. Оюндар кийинки жылдын 23-июлунда башталат», — деген Коутс өз билдирүүсүндө.

Ал коронавирусту жеңүү кийинки жылдары өтчү мелдештердин негизги темасы аталып калышы керек деп эсептейт.

Июлдун аягында Эл аралык олимпиада комитети Токиодогу мелдешти коронавирустан улам көрүүчүлөр жок өткөрүү маселесин карап жатканы айтылган.

24-мартта Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясынан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алган болчу. Муну менен тарыхта биринчи ирет ири спорттук иш-чаранын мөөнөтү өзгөрмөй болду.