Бишкек шаарында 233 шайлоо тилкеси даярдалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Ленин районунда 65 шайлоо тилкеси, Октябрь районунда — 59, Свердлов районунда — 51 жана Биринчи май районунда 58 шайлоо тилкеси ачылган.

Учурда шайлоо тилкелерине интернет тартуу жана генератор менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.