Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанган “Ыйман Нуру”  партиясынын тизмесинен 6 талапкерин чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Алар: Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков жана Алтынай Уранбекова.

Боршайком алар өздөрү берген арыздын негизинде тизмеден чыгарылганын билдирди.