Ысык-Ата районунун Ивановка айылында 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлады.


«Кыздын жансыз денеси кумдан табылды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Өздүгү аныкталды. Көрсө, кыз көп жылдардан бери эпилепсия менен ооруп, медициналык картада жүргөн экен. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет », — деп айтылат мекеме берген маалыматта.