Кыргызстанда жарыяланган Комуз жумалыгынын алкагында залкар комузчулар эскерилип, айкелдерине гүл чамбар коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Залкар комузчулардын айкелдерине гүл чамбар коюу иш-чарасына СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисттери, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, өнөр адамдары жана жаңы чыгып келе жаткан жаш комузчулар катышкан.

Гүл чамбар Бишкек шаарында — Токтогул Сатылгановдун, Ош шаарында — Ниязалы Борошевдин жана Ысык-Көл облусунун Корумду айылында — Карамолдо Орозовдун айкелдерине коюлду.

Эске салсак, Маданият министрлиги 7нен 13-сентябрга чейин “Комуз” жумалыгын жарыялаган. Иш-чара эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн форатта өтүп жатат.