Күнүңүздүн натыйжалуу жана ийгиликтүү болушун кааласаңыз, төмөндө сунушталган иштерди, түшкү убакытка чейин аткарганга аракет кылыңыз:

  1. Бир күндө кылчу иштериңиздин тизмесин кечинде даярдап жатыңыз.
  2. Уйкуңузду кандырыңыз. Уйкунун канбай калышы, ишмердүүлүккө жана концентрацияны топтоого тоскоолдук жаратат. Ошондой эле дайымкы уйкунун канбай калуусу ашыкча стресске алып келет. Уйкунун кануусу үчүн болушунча жатаар алдында телевизор көрүүдөн, уюлдук телефон колдонуудан сактаныңыз. Алар зыяндуу нурларды бөлүп чыгарат.
  3. Эч кандай “Дагы 10 мүнөт”! Тан эрте коңгуроону дагы 10 мүнөт алдыга жылдырып коюу оңой иш, бирок натыйжада толук бир саатыңызды дагы коротуп коёсуз. Ошондой эле ал убакыты эффективдүү уйку сааты деп эсептегенге болбойт.
  4. Коңгуроону керебетиңизден болушунча алыс коюп коюну сунуштайбыз.
  5. Көнүгүү жасаңыз. Күндө көнүгүү жасаган адамдарды зирек акыл жана чыдамкайлык коштоп жүрөт.
  6. Сизге гана тиешелүү болгон таңкы ритуалыңыз болсун. Бул балким, шүгүр айтуу, күндөлүк жазуу же чыгарма жазуу же медитация ж.б болушу мүмкүн. Негизгиси өзүңүз менен өзүңүз жалгыз болууңуз сунушталат.
  7. Эртең менен эн оор деп эсептеген иштериңизди бүтүрүп коюңуз. Оор иштерди кечкиге же эртеңкиге калтыра берсеңиз, бир күн бою ал иштер оюңуздан кетпей, ишмердүүлүгүңүзгө залакасын тийгизет.
  8. Өзүңүз үчүн жеке минимум программасын түзүп чыгыңыз. Минимум программасы бул – күн чыкканга чейин аткарыла турчу иштердин тизмесинен турат.

Инсан.кг