Бүгүн, 8-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында коронавирус оорусу дагы 68 адамдан аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, муну менен өлкөдө жалпы 44 миң 526 адамга коронавирус жукту.

Коронавирус жана пневмония менен жаңы катталгандар:

— Бишкек шаарында 13 адам;

— Чүй облусунда 4 адам;

— Ош облусунда 11 адам;

— Талас облусунда 7 адам;

— Нарын облусунда 1 адам;

— Ысык-Көл облусунда 8 адам;

— Жалал-Абад облусунда 8 адам;

— Баткен облусунда 16 адам.