Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 198 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрдагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы айыккандар:

— Бишкек шаарында 84 адам;

— Ош шаарында 4 адам;

— Чүй облусунда 12 адам;

— Ош облусунда 11;

— Талас облусунда 3;

— Нарын облусунда 7;

— Ысык-Көл облусунда 11;

— Жалал-Абад облусунда 33;

— Баткен облусунда 33 адам.

Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 40 миң 158 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.

Өлкөдө жалпысынан 44 миң 526 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды.