COVID-19: Бир суткада 1 дарыгер вирус жуктуруп, 4 дарыгер сакайып чыкты

8-августка карата бир сутка ичинде өлкө боюнча Ош облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 17 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3158 учур катталды, алардын ичинен 2600 медкызматкер айыкты.