Бүгүн, 8-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунун кесепетинен дагы 1 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрдагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маркум Бишкек шаарында дарыланып жаткан.

Муну менен өлкөдө көз жумгандардын жалпы саны 1062 адамга жетти (башка оорунун кесепетинен көз жумган адамдардын саны кошулган эмес).