Блогер блок

Нике түнүнөн кийин мени үйүмө жеткирип беришти. Абал мен ойлогондон башкача болду

Атым Айнура Алматыга барып иштеп келдим. Соцтармак аркылуу жердешим менен байланышып жүрчүмүн. Негизи бир мектепте окуганбыз, бирок көп деле сүйлөшчү эмеспиз. Ноябрь айында шаарга келдик. Ал менин келгенимди угуп, жолугушууга чакырды. 6-ноябрда экинчи жолу жолугушууга чакырып, ошол жерден мени ала качып кетти. Башында каршы болуп, турмушка эрте чыкпай турганымды айттым. Бирок анын карыган апасы жалынып- жалбарып калышымды суранды. Ошентип отурдум. Той болду. Ата-энеме барышып 2 миӊ доллар акча берип келишти.

Кызыктын баары нике түндөн кийин башталды. Нике түнү төшөгүбүз булганган жок. Эртен менен күйөөм ажырашууну айтып чыкты. Эч кимге айтпай тынч эле  мен кетип калам деп сүйлөшкөнбүз. Бирок ал турганда апасына айтып салды, айтпаганды айтып мени урушуп башташты. Бирок мен буга чейин эч ким менен жолугушкан эмесмин.

Дароо эле клиникага барып, текшерилип келдим. Алар кыздык белги өтө тереӊ экенин, же күйөөӊдүкү жетишээрлик көлөмдө эмес, мындай учурда кыздык белги тушпөөрүн айтып, кетиришти. Мен күйөөмдүн жакындарына барып клиникага чогуу барышын сурандым. Бирок алар барбастыгын айтып, мени кет деп туруп алышты. 

Кийинки күнү башка гнекологго бардым, алар деле ошону айтышты. Тилекке каршы «справка » жазып бере алышпайт экен. 
Андан кийин уруш өзүмдүн үйүмдө уланды. Алар келип мени жамандашып, акчаны алып кетебиз дешти. 40 000тенге коротулуп кеткен экен. Аны кызыңардын бир түнү үчүн төлөдүк дешти. 

Мени ата-энем дагы жаман көрүп, бүт айылга уят кылдын, көчөгө кантип чыгабыз -деп жаман болушту.
Окуядан бир жума өтпөй ал бала башка кызды алды. Апасы бул жолу кызды клиникадан текшертип, анан үйүнө алып келгенин уктум. Мындай учурда эмне кылуум керек? Алардын жазасын алышын каалаймын..Орто жолдо менин көз жашым төгүлүп, ата-энемдин эл караган бетин жер караттым.

Айзат

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button