Саясат таануучу, коомдук ишмер, Алмазбек Акматалиев, коомчулукка кайрылып, ооруну жеңүү жалаң эле Өкмөткө, бийликке  көз каранды эмес деди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

“Премьер Бороновдун ковиддин жаңы толкуну келиши мүмкүн деген сөзүн жаман көргөндөргө таң калам! Абайла, этият бол, сактан, даяр бол деп өз элине айтып, эскертип туруш бул Бороновдун милдети, керек болсо! Айтса да жаман, айтпаса да жаман…

Бул ооруну жеңүү жалаң эле Өкмөткө, бийликке көз каранды эмес экенин турмуш өзү тастыктады го…Улуу Британия сыяктуу мамлекеттерде акыркы 4 айдын ичиндеги оорулардын саны август айында кескин көбөйдү… Ушундай эле ахвал Испания, Италияда, АКШда, Кореяда болуп жатат…Ал мамлекеттерде маска кийүү милдет катары киргизилди…

Ар бирибиздин ден соолугубуз, өмүрүбүз өзүбүзгө керек, өзүбүзгө таандык! Өкмөткө эмес!

Өкмөт дары дармегин даярдап, больницаларды салып, колунан келген ишти жасаш керек. Бирок, биз шалпылдап той-тороподо жүрсөк, көрүшкөн жерден өбүшүп жытташсак, колду жуубасак, тазалыкты, аралыкты, тартипти сактабасак, анда Өкмөттүн аракетинин кимге кереги бар…

Эс тутумду ойготолу, замандаш… Сактанганды сактайм деген экен Жараткан… Шайлоо да өтөт, өмүр, жашоо керек ар дайым!”, -деп жазат коомдук ишмер.